Айыл чарба министрлигинде жүн өндүрүү тармагын колдоо чаралары каралды

Коом Жүктөлүүдө... 15 Июль 2026 09:40
5384167270399023191.jpg
5384167270399023192.jpg
5384167270399023190.jpg
5384167270399023189.jpg
5384167270399023188.jpg
5384167270399023187.jpg
5384167270399023186.jpg
5384167270399023185.jpg
5384167270399023184.jpg
Алдыга
Артка
5384167270399023191.jpg
5384167270399023192.jpg
5384167270399023190.jpg
5384167270399023189.jpg
5384167270399023188.jpg
5384167270399023187.jpg
5384167270399023186.jpg
5384167270399023185.jpg
5384167270399023184.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Акунбеков Эрлист Абакировичтин катышуусунда жүн иштетүү тармагын өнүктүрүү маселелерине арналган жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга жүндү кайра иштетүү тармагында иш алып барган ишкерлер, кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү, ошондой эле Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү жүн өндүрүү жана кайра иштетүү тармагынын учурдагы абалы, тармактагы негизги көйгөйлөр, өндүрүштү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү, продукциянын сапатын жогорулатуу, инвестиция тартуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү.

Катышуучулар тарабынан жүн иштетүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган сунуш-пикирлер айтылып, өндүрүштү кеңейтүү, чийки затты натыйжалуу пайдалануу жана тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен жүн иштетүү тармагын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган тиешелүү чараларды ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.