Айыл чарба министрлигинде интернеттеги адамчылыкка каршы тренинг өттү

Коом 18 Март 2025 09:24
71c0872a-60b9-43e2-bb68-03a7a8d0c36c.jpeg
d88da81b-0375-48ff-9a51-7a4e8d3b1247.jpeg
bed1da45-fef2-4c0f-8f6c-13ab615d9abf.jpeg
9b443ffb-d762-4de1-a5e9-bcc9fbba3e9e.jpeg
703beb9a-6187-4d7b-a422-0aeaf922b291.jpeg
Алдыга
Артка
71c0872a-60b9-43e2-bb68-03a7a8d0c36c.jpeg
d88da81b-0375-48ff-9a51-7a4e8d3b1247.jpeg
bed1da45-fef2-4c0f-8f6c-13ab615d9abf.jpeg
9b443ffb-d762-4de1-a5e9-bcc9fbba3e9e.jpeg
703beb9a-6187-4d7b-a422-0aeaf922b291.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлери интернеттеги адамчылыкка каршы чаралар тууралуу окуудан өтүштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, алдамчылыкка каршы чаралар "АгроСмарт" мамлекеттик ишканасы Ички иштер министрлигинин Башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын колдоосу менен "Интернеттеги алдамчылыкка каршылык көрсөтүү" деген темада өттү.  

Тренингге Суу ресурстары, айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле министрликке караштуу уюмдардын өкүлдөрү катышты.  

Тренингдин максаты:  

Интернеттеги алдамчылыктын заманбап ыкмалары жана киберкоркунучтардан коргонуу жолдору жөнүндө билимди жогорулатуу.  

Катышуучулар эмнени үйрөнүштү?

  • интернеттеги алдамчылыктын кеңири тараган схемаларын;
  • киберкоркунучтарды алдын алуу ыкмаларын;  
  • маалыматтарды коргоо боюнча практикалык сунуштар.