Нарын жана Ош шаарларында "жашыл" экономика боюнча тренингдер өттү

Экономика 13 октябрь 2026 09:50
845542972_1636357048093596_2780972559911030790_n.jpg
843928922_1786023316011728_3093131358499434062_n.jpg
844341250_1093587706968579_3527412806690000807_n.jpg
846432525_1110498018183221_2935313515674522937_n.jpg
844230834_1088365814061271_4579926515003819002_n.jpg
847338648_1129930062827477_5218079514359358074_n.jpg
844321578_1788820445786942_5866647776055747028_n.jpg
844737502_2070458330312852_8370757228888202674_n.jpg
844437654_1081151464728694_7400778281167460574_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Нарын жана Ош шаарларында мамлекеттик кызматчылар жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү үчүн "Жашыл экономиканы баалоо жана пландоо үчүн системалык динамиканын методологиясы" темасында окутуу тренингдери өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирет.

Тренингдер Экономика жана коммерция министрлигинин өтүнүчү боюнча Кыргыз экономикалык университетинин Экономикалык моделдөө жана талдоо борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан уюштурулду.

Окутууга мамлекеттик органдардын жана жогорку окуу жайларынын 62 өкүлү катышты. Катышуучулар системалык динамика, санариптик моделдөө, сценарийлик талдоо жана долбоорлорду баалоо боюнча теориялык билим алып, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүштү.

Тренингдердин негизги максаты — мамлекеттик органдардын аналитикалык потенциалын чыңдоо жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү боюнча чечимдерди кабыл алууда илимий негизделген ыкмаларды колдонууга көмөк көрсөтүү.

Окутуунун жыйынтыгында катышуучулар аналитикалык иштерин коргоп, сертификаттарга ээ болушту.