Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Жеңилдетилген насыялар дыйкан-фермерлердин түйшүгүн бир топ жеңилдетүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн дыйкан-фермерлери үчүн үрөнчүлүк чарбаларын жана питомнитерди өнүктүрүү максатында 3 пайыз чен менен жеңилдетилген насыялар каралып, элеттиктер үчүн ишмердүүлүк жүргүзүүгө жагымдуу шарттар түзүлгөн.
Анын максаты үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңылоону өз убагында жүргүзүү болуп саналат. Насыяны берүү мөөнөтү 36 ай болсо, жеңилдетилген мезгили 12 айды түзөт. Берилүүчү кредиттин жалпы суммасы – 100 млн сом.
Жеңилдетилген 3 пайыздык кредиттер үрөнчүлүк чарбаларына, питомниктерге берилет. "Тазажан" дыйкан чарбасы да дыйкандарга каралган жеңилдетилген насыя алып, учурда сорт жаңылоо максатында дан эгидеринин жаңы сортторун алып, түйшүгү бир топ жеңилдеп калгандыгын айтат.
Белгилей кетсек, 3 пайыздык насыя ата мекендик жана чет элдик селекциядагы таза кандуу мал менен жаңыртуу аркылуу малдын породалык курамын жакшыртуу жана азыктуулугун жогорулатуу максатында да каралган.