Айыл чарба министрлиги жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүүнү сунуштайт

Коом 23 июнь 2025 10:10
b76bf866-f7eb-4d38-ba3f-509607adced5.jpg
ec6b9a37-76c9-4c7d-89c2-cd6ffa29db87.jpg
b68f960e-05c9-42f3-bf84-af7ea50a53f7.jpg
ad199691-b3d6-49ee-b8ef-90bc4ac6846d.jpg
a03f86ce-1f86-4418-a037-24f9e511a549.jpg
177b8a35-6637-45d4-80ee-84607d7528a0.jpg
7d14dc70-a28d-4965-b960-2a6149c48756.jpg
4f631aa2-fbff-4441-b879-1598cdd183e4.jpg
Алдыга
Артка
b76bf866-f7eb-4d38-ba3f-509607adced5.jpg
ec6b9a37-76c9-4c7d-89c2-cd6ffa29db87.jpg
b68f960e-05c9-42f3-bf84-af7ea50a53f7.jpg
ad199691-b3d6-49ee-b8ef-90bc4ac6846d.jpg
a03f86ce-1f86-4418-a037-24f9e511a549.jpg
177b8a35-6637-45d4-80ee-84607d7528a0.jpg
7d14dc70-a28d-4965-b960-2a6149c48756.jpg
4f631aa2-fbff-4441-b879-1598cdd183e4.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек 23.06.25 /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сыртта эмгек миграциясында жүргөндөргө жана өлкө ичиндеги жарандарга кунарсыз жерлерди өздөштүрүп, киреше булагын табууга жана арттырууга чакырат.

Ведомствонун маалыматына караганда, Толубай Жалилов Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагындагы кунарсыз жайытты 20 жылга ижарага алып, жаңы технологияларды колдонуп иштете баштаган.

Ал алгач асылдуулугу төмөн жерге өрүктүн "болеро", "микада" жана "присса" көчөттөрүн отургузган. Ошону менен жалпысынан мурун кунарсыз делген аймакка 4,5 миң өрүктүн көчөтү тигилген. Ал көчөттөргө сууну сарамжалдуу жеткирүү максатында 6,5 миң куб сууга эсептелген көлмө куруп, тамчылатып сугаруу системасын орноткон. Көчөттөргө көлдөн бирдиктүү температурадагы суу берилет. Себеби, суу кээде ысып, кээде муздап кетет. Ал көчөт үчүн зыян.

"Өздөштүрүүгө 1-2 гектардан алгандар 10-15 адам болуп биригип алып, кооператив түзүп, чыгымдарды чогуу тартышса өзүн актайт. Биригүүнүн натыйжасы эң сонун болот. Азыр өрүктөн пайда түшкөнгө чейин дарбыз, помидор, бадыраң сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүп, киреше таап жатабыз. Мындай жакшы иштер айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин кунарсыз жерлерди өздөштүрүү боюнча тапшырмасынын артынан ишке ашып турат. Ал бул жерге өзү келип, баштапкы көчөттү отургузуп кеткен", - дейт дыйкан.  

Белгилей кетсек, жалпы республика боюнча 614 миң гектар кунарсыз жайыттар аныкталган. Министрлик ушул жерлерди өздөштүрүп, Кыргызстанды жашыл аймакка айлантуу менен киреше табууга чакырат.