Айыл чарба министрлиги мөмөлүү бак-дарактын көчөтүн отургузуу боюнча кеңеш берди

Коом Загрузка... 29 Октябрь 2025 15:05
515660566.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мөмөлүү бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча кеңеш берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, күз мезгилинде мөмөлүү бак-дарактардын көчөттөрүн даярдоо жазында аларды ийгиликтүү отургузуу үчүн маанилүү роль ойнойт.

Ал үчүн күз мезгилинде төмөнкүлөрдү жасоо сунушталат: 

  • топуракты (кыртышты) даярдоо, органикалык жана минералдык жер семирткичтерди кошуу, казып же жумшартуу, отоо чөптөрдү жок кылуу; 
  • топуракка анализ жүргүзүү: агрохимиялык курамын, кычкылдуулугун, асылдуулугун жана жер астындагы суулардын деңгээлин аныктоо; 
  • көчөттөрдү иштетүү (обработка кылуу): кесүү, бутоо, сорттоо, зыянкечтерди жана ооруларды текшерүү; 
  • көчөттөрдүн жашоого жөндөмдүүлүгүн убактылуу сактоо үчүн казып же муздак жер төлөлөргө сактоо; 
  • отургузууну жана коргоону пландаштыруу: грядкаларды белгилөө, мульчирлөө жана зыянкечтерден коргоо материалдарын даярдоо. 

Топуракты даярдоо көчөттөрдү отургузуудан 5-7 ай мурун жүргүзүлөт, ошондо топурактын түзүлүшү жакшырат. Жазгы отургузууда топурак иштетүү иштери мурдагы күзүндө жүргүзүлөт. Бул топурактын кышында тоңуп, структурасынын жакшырышына жана көптөгөн зыянкечтер менен патогендердин жок болушуна шарт түзөт. 

Ошентип, күз мезгилинде даярдоо иштерин жүргүзүү жазында көп жылдык бак-дарактын көчөттөрүн ийгиликтүү отургузууга бардык шарттарды түзүп, жер семирткичтерди натыйжалуу колдонууга өбөлгө түзөт, ошондой эле көчөттөрдүн тамырынын калыптануусун жогорулатып, топурактын структурасын жакшыртууга жардам берет.