Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кышында дагы киреше табууну каалаган багбандарга алмуруттун кыргыз кышкы түрүн өстүрүүнү сунуштайт.
Алмуруттун кыргыз кышкы сорту - кыргыз селекционерлери чыгарган эң белгилүү жана баалуу алмурут сортторунун бири. Бул сорттун негизги өзгөчөлүгү — кышка чыдамкайлыгы, ооруларга туруктуулугу жана мөмөсүнүн даамынын жогорку сапаты.
Артыкчылыктары:
- дарактын түшүмдүүлүгү жогору жана узак жылдар бою мөмөлөйт;
- мөмөлөрү жакшы сакталат жана ташууга ыңгайлуу;
- Кыргызстандын ар кандай климаттык шарттарына чыдамкай;
- ички рынок жана экспорт үчүн дыйкандар менен багбандарга пайдалуу.
Кыргыз кышкы түрү даамы, сакталуу мүмкүнчүлүгү жана соодадагы сапатын жоготпой узакка чыдаганы үчүн Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да жогору бааланат.