Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 15-августуна Кыргызстанда жана Россия, Казакстандагы азык-түлүк продуктуларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майына болгон баалар салыштырылды.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
Кыргызстанда: уй эти – 667,5 сом, кой эти – 681,3 сом, каймак май – 634 сом, өсүмдүк майы – 151 сом, сабиз – 56,5 сом, пияз – 38 сом, картошка – 42 сом, тоок жумурткасы – 87;
Казакстанда: пастерленген сүт – 100 сом, картошка – 41 сом, сабиз – 50,4 сом, өсүмдүк майы – 176,4 сом, жумуртка – 121 сом, каймак май – 733 сом;
Россияда: кой эти – 732 сом, картошка – 71,4 сом, пияз – 64 сом, жумуртка – 121 сом, каймак май – 868 сом, нан азыктары – 135,5 сом.