Айыл чарба министрлиги коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүдө

Коом 30 сентябрь 2025 14:45
91029d10-0047-4700-acd2-486c2e32b127 (2).jpg
8e501810-2d9c-4805-a750-94688f63dafe.jpg
f1092415-5c71-4413-9244-bf9b133ef376.jpg
bf2624b5-871c-4ba7-89c6-0941ab5b586a.jpg
52093995-78cf-448f-bcd5-5f9780cd7f75.jpg
91029d10-0047-4700-acd2-486c2e32b127 (1).jpg
91029d10-0047-4700-acd2-486c2e32b127.jpg
31584da6-635c-48ed-b9af-148527b32676.jpg
047bfc6f-4b59-431f-be94-d66e04e1acdd.jpg
4cd27f28-ae4f-4d42-86fa-d5dcf33a4d6d.jpg
1e03d9a8-bead-4d64-9208-b7bb17fee6d1.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча кеңейтилген жыйын өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлерге айлык маяналарды көтөрүү, жаңы кызматтык унааларды берүү, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларынын статусун жогорулатуу сыяктуу жагымдуу шарттарды түзгөнүнө карабай, айрым кызматкерлер министрликтин аброюна шек келтирип, коррупциялык схемаларга аралашып жатканы катуу сынга алынды.

Мындай жагдайларга жол берген айрым түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жумуштан алынды, жооптуу кызматкерлерге катуу сөгүш жана эскертүүлөр берилди.

Бакыт Төрөбаев ар бир департаменттеги жана кызматтагы коррупциялык тобокелдиктер бар багыттарга токтолуп, алдын алуу иштерин күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Ветеринардык кызмат, Суу кызматы, Химизация, Өсүмдүктөрдү экспертизалоо жана Балык департаменттерине мыйзамсыз иштерди болтурбоо боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлду.

Төрөбаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупцияга каршы күрөшүнө карабай, дагы деле мыйзам бузуулар аныкталып жатканына өкүнүчүн билдирди.

“Мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгын, өз бала-чакасынын келечегин ойлобой, жеке пайдасын ойлоп, өз жумушуна кайдыгер мамиле жасаган кызматкерлер арабызда отурат. Мыйзамдар так аткарылсын, коррупцияга жол бербегиле! Мамлекет жана эл үчүн ачык-айкын, так иштегиле”, – деп баса белгиледи Бакыт Төрөбаев.