Айыл чарба министрлиги дыйкандарга арпанын эң натыйжалуу түрлөрүн сунуштады

Экономика Загрузка... 21 Ноябрь 2025 15:09
i.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга арпанын эң натыйжалуу түрлөрүн сунуштады.

Маалыматка ылайык, жаздык арпа - Кыргызстандагы эң маанилүү дан өсүмдүктөрдүн бири. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти өлкөдө кеңири колдонулуп жаткан жаздык арпанын негизги сортторун сунуштайт. 

Мамлюк

Эрте бышып жетилүүчү, абдан кайрак жерге сунушталган сорт. Вегетациялык мезгили 67-75 күн. Алгачкы өсүү этабы тез жүрүп, жарыкты кабыл алуусу жогору. Сапаты боюнча баалуу сорттордун катарына кирет. Дандын курамындагы белок 12-14 пайыз, крахмал 53,8- 56,4 пайыз, 1000 дандын салмагы 46-52 гр түзөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына сунушталат. 

Вакула

Сугат жана кайрак жерлерге ылайыктуу сорт болуп эсептелет. Климаттын ар кандай шарттарына ылайыкташкан интенсивдүү, орто бышып жетилүүчү сорт. Вегетациялык мезгили 70-86 күн. Интенсивдүү дыйканчылык шарттарында жакшы түптөнүп, 18–20 жемиштүү сабак калыптанат. Ушундан улам бул сорттун себүү нормасын азайтып себүүгө болот. Дандын курамындагы белок 10,7-15-9 пайыз, крахмал 54,7-56,9 пайыз. Өлкөнүн бардык аймактарына сунушталат.

Бестам

Жергиликтүү сорт. Сугат жана жаан-чачындын көлөмү көп болгон кайрак жерлерге сунушталат. Даны толук келип, 1000 дандын салмагы 48,6-53,2 гр тузөт. Сабагы орточо калыңдыкта жана бекем болуп сабактардын жатып калуусуна туруктуу. Эрте бышып жетилүүчү сорт. Вегетация мезгили 71-78 күн. Тоют багытындагы сорт болуп, дандын курамындагы белок 15,2%, крахмал 54,2 пайызды түзөт. Орточо түшүмдүүлүгү 37,2-43,1 ц/га. 

Нутанс 89

Жергиликтүү сорт. Сугат жерлерге сунушталат. Даны толук келип, 1000 дандын салмагы 46,6- 53,0 гр түзөт. Сабы калың, бийиктиги 77-89 см, сабактары жатып калууга туруктуу. Орто эрте бышып жетилүүчү сорт,  вегетациялык мезгили 72-87 күн. Тоют багытына өндүрүлөт. Дандагы белоктун курамы 12,8-15,5 пайыз, крахмал 56,8-60,1 пайыз. Орточо түшүмдүүлүгү 66,4-82,0 ц/га. Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына сунушталат. 

Формат

Кыргызстандын аймагында пайдаланууга 2024-жылы киргизилген жаңы сорт. Республиканын бардык аймактарына туура келет. Орто эрте бышып жетилүүчү сорт. Вегетациялык мезгилинин узактыгы 70-76 күн. Сабактары жатып калууга туруктуу. Орточо түшүмдүүлүгү 46,8 ц/га. Дандын курамындагы белок 15,1%. Кургакчылыкка жана ысык аба ырайына туруктуу. 

Эксплоер

Орто бышып жетилген, орто бойлуу, сабактары жатып калууга жана кургакчылыкка туруктуу. Вегетациялык мезгили 69-80 күн. Дандын курамындагы белок 12,2-13,8 пайыз, 1000 дандын салмагы 45-56 гр. 

Леон

Орто бышуучу эки кырдуу жаздык арпанын сорту. Бир баштагы дандын саны 26-28 даана. Вегетациялык мезгили 74-89 күн. Сапаты боюнча баалуу арпалардын тизмесинде. Дандын курамындагы белок 13,4-17,7 пайыз. Өлкөбүздүн бардык аймактарына сунушталат.

Аталык

Орто бышып жетилүүчү жогорку продуктивдүү, эки кырдуу, түптөнүүсү жогору жергиликтүү сорт. Вегетациялык мезгили 80-95 күн. Сугат жерлерге ылайыкташкан. Орточо түшүмдүүлүгү 50-56 ц/га. Дандын курамындагы белок 12-13 пайыз, 1000 дандын салмагы 49-51 гр. Сабагы жатып калууга жана кургакчылыкка туруктуу. Бардык региондорго сунушталат. 

Ростик

Сугат жерлерге сунушталат. Орто бышып жетилүүчү сорт. Сабактын узундугу 65-80 см. Жазда жана күздө эгилүүчү факультативдик сорт. Илдеттерге туруктуу. 

Слава

Жазда жана күздө эгилүүчү, орто эрте бышуучу жергиликтүү сорт, 1000 дандын салмагы 40-42гр. Өсүү мезгили 75-90 күн. Өсүмдүктүн бийиктиги: 60-80 см. Түшүмдүүлүк дарамети 70 ц/га. Өлкөбүздө кездешкен илдеттерге жана сабактардын жерге жатып калуусуна туруктуу сорт.