Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Былтыр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына байланыштуу ишканаларды ачуу тапшырмасы аткарылып, эми быйыл да майда, чоң аралаш 100 ишкананы аныктап, ишке киргизүү тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунда болгон жумуш сапарынын алкагында таанышкан “Сан Планет Интернешнл” - компаниясы сертификацияланган органикалык продукцияны өндүрүп, Европа биримдигинин өлкөлөрүнө, Россияга, Кытайга жана АКШга экспорттой турган 2025-жылда ишке берилүүчү ишканалардын тизмесиндеги биринчи чоң ишкана.
“Азыркы учурда кайра иштетүү тармагындагы статистикага таянсак, 2024-жылы абдан чоң көрсөткүч 151 пайыз жетишип, 2023-жылга салыштырмалуу 51 пайызга көбүрөөк болду. Биз көрсөткүчтү түшүрбөшүбүз керек. Кайра иштетүү терең кайра иштетүү эмес, биринчи этабы катары бул алдын ала кайра иштетүү болмокчу. Буга сорттоо, тазалоо, таңгактоо кирип, бардыгы сапаттуу сактоого таасирин тийгизет. Азыркы учурда биздин сатып алуучулар азык-түлүктү мурдагыдай мүшөктөп, коробкалап албастан, тазалыгына, таңгактоосуна көңүл буруп, жетиштүү өлчөмдө гана ала башташты. Андан тышкары, экинчи деңгээлибиз бул орточо кайра иштетүү. Чийки азыктан, башка бир продукция даярдоо”, - деди Самат Насирдинов.
Ошондой эле министрдин орун басары акыркы 30 жылда өлкөнүн айыл чарба багытында өндүрүш, агроиндустриялизация басаңдаганына байланыштуу көптөгөн дыйкандар өздөрүнүн продукциясын чийки азык түрүндө эле сатып келишкендигин белгиледи. Бирок, мында азыктарды сактоо маселеси жаралууда.
“Мында чийки азыктарды сапаттуу сактоо негизги маселе. Жылына өсүмдүк өстүрүү багытында 6-7 млн тоннага чейин өзбүздүн өндүрүшүбүз бар. Сапаттуу сактоо шарттары мисалы, муздаткычы, талапка жооп берген кампалары менен өлкөдө 32 соода-логистикалык борбор бар. Мында жалпы 60 миң тонна азыкты сактоого болот. Ошондо 6-7 миллиондун 1 эле пайызы сапаттуу сакталат, калган 25 пайыз бул элдик сактоо. Негизи азык заттарын сапатсыз сактоодо 30 пайызга чейин жоготуулар болот. Ошондуктан министрликтин биринчи милдети сапаттуу сактоо жайларын көбөйтүү, сактоо шарттарын түзүү жана кайра иштетүү. Бул кошумча нарк, пайда алып келет”,- деди ал.