Айыл чарба министрлиги 11,6 млн сомго эспарцет үрөнүн сатып алды

Коом 26 июнь 2025 16:10
5223723277_w640_h320_semena-espartseta.webp
626d1297-db52-4b0f-83e8-4b3fee2a2910.jpeg
9b3441a0-3209-4bae-a913-bd19faffbc20.jpeg
Алдыга
Артка
5223723277_w640_h320_semena-espartseta.webp
626d1297-db52-4b0f-83e8-4b3fee2a2910.jpeg
9b3441a0-3209-4bae-a913-bd19faffbc20.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 11 млн 612 миң 172 сомго 86 658 кг эспарцеттин үрөнүн сатып алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, үрөн кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында "Карина-Агро" айыл чарба кооперативинен сатып алынды.

Учурда министрликтин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти тараптан  эспарцеттин үрөндөрүнүн сапатын текшерүү үчүн үлгүлөр анализге алынды.