Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Минскиде беларусь-кыргыз бизнес форуму өттү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган форум Белагро — 2025 форумунун алкагында өтүп, айыл чарба кызматташтыгын чыңдоого багытталган.
Анын алкагында, КР Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү тарабынан маанилүү документтерге кол коюлду.
Тактап айтканда:
- Асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум, анда технологиялар алмашуу, асыл тукум программаларын биргелешип өнүктүрүү жана породалардын сапатын жогорулатуу каралган;
- Үрөндү тоңдуруу технологиясын өнүктүрүүгө - жаныбарлардын генетикалык материалын төмөн температурада узак мөөнөткө сактоо ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат;
- Кыргызстандан Беларуска жаңы жашылча-жемиштерди , картошка, сабиз, капуста, алма жана цитрус жемиштерин жеткирүү жөнүндө келишимге кол коюлду. .