Өлкөдө айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси 2025-жылы туруктуу өнүгүүнү сактап, дүң өндүрүш менен кайра иштетүү көрсөткүчтөрү олуттуу өсүүгө жетишип, дыйкан-фермерлер үчүн санариптик технологиялар жана мамлекеттик колдоолор аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Быйылкы жылы өлкөнүн айыл чарба тармагы туруктуу өнүгүүнү сактады. Дүң өндүрүш 437 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 67 млрд сомго өстү (өсүү темпи 102%), ал эми кайра иштетүү өнөр жайы 94,2 млрд сомго жетип, өсүү темпи 127,8% болду.

Дүң өндүрүштүн бөлүнүшү: мал чарбасы – 200,4 млрд сом, өсүмдүк өстүрүү – 218,4 млрд сом, кызмат көрсөтүү – 10,3 млрд сом, аңчылык жана токой чарбасы – 1,2 млрд сом, балык чарбасы – 6,7 млрд сом.
Өлкөнүн калкы негизги азыктар — сүт, эт, картошка, жашылча, кумшекер жана жумуртка менен толук камсыздалды. Дыйкан-фермерлерге, ишканаларга жана жеке ишкерлерге 5 мамлекеттик программа аркылуу жеңилдетилген насыялар берилүүдө.
Жеңилдетилген насыялар: 12,2 млрд сом каралып, анын 11,4 млрд сому (93%) пайдаланылды.
Инвестициялык долбоорлор: 12 долбоорго 9,7 млрд сом бөлүнүп, 6,5 млрд сому (67%) колдонулду.
Капиталдык салымдар: 3,35 млрд сомдун 2,16 млрд сому (65%) пайдаланылды.

Суулар жана ирригацияны өнүктүрүү
Ирригация жана таза суу менен камсыздоо багытында 11 айдын ичинде 5,6 млрд куб метр суу бөлүнүп, 404 юридикалык жактарга жана 77 миңден ашуун жеке пайдалануучуга жеткирилди. Бул көлөм 2,8 млн гектар жерди сугарууга мүмкүнчүлүк берди. 2030-жылга чейин пландалган 106 суу сактоочу объекттин 10у бүткөрүлүп, калгандары боюнча курулуш жана долбоорлоо иштери уланууда.
Ирригациялык тармакта жүздөгөн чакырым каналдар оңдолуп, ондогон насостук станциялар жаңыланды. 729 гектар жер жаңы өздөштүрүлүп, 22,8 миң гектар сугат жердин суу менен камсыздалышы жакшырды. Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары 17,8 миң гектар аянтка орнотулуп, 43 суу скважинасы калыбына келтирилди. Суу берүү тарифтеринен түшкөн киреше 2,5 эсеге өсүп, 263 млн сомду түздү. Мындан тышкары, 796 айыл таза сууга жетип, дагы жүздөгөн айылдарда курулуш иштери улантылууда.

Үрөн, көчөт жана мал чарбасы
Өлкөдө 86 үрөнчүлүк чарба иштеп, сапаттуу үрөн өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 11 айдын ичинде 4,5 миң тонна жаздык жана күздук үрөн даярдалып, аны 2 782 дыйкан алууга жетишти. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 14%га жогору. Ошондой эле 15 млн көчөт өстүрүлүп, 24 питомник түзүлдү, мунун натыйжасында көчөт импорту кыскарды. Кыргызстанда алгач ирет беде менен ашкабактын үрөндөрү Россияга жана Японияга экспорттолду.
Жайыттарды жакшыртуу максатында 15,3 миң гектар аянтка 173 тоннадан ашык чөп үрөндөрү себилди. Жалпы айдоо аянты 1,25 млн гектарды түзүп, дан эгиндеринен 2,3 млн тонна дүң түшүм жыйналды. Жашылча жана картошкадан 2,5 млн тоннадан ашык түшүм алынды. Мал чарбасында алгач ирет 270 миң доза асыл тукум букалардын уругу акысыз таратылып, 77 миңден ашуун уй уруктандырылды. Учурда 302 уруктандыруу пункту иштеп, 185 мал чарба субъектине асыл тукум макамы берилди. Ветеринардык кызматты күчөтүү максатында 40 кызматтык автоунаа тапшырылды.

Кайра иштетүү жана экспортту өнүктүрүү
Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында 39 жаңы ишкана жана 61 чакан ишкана ишке кирип, соода-логистикалык борборлор, жашылча сактоочу кампалар жана мал союу пункттарынын саны көбөйдү. Эл аралык сапат стандарттары 56 ишканада киргизилип, жаңы кооперативдер түзүлдү. Айыл чарба техникалары лизингге берилип, мамлекеттик жана жеке механизациялык техникалык станциялар уюштурулду. Натыйжада тармакта 1 264 жаңы жумуш орду түзүлүп, кайра иштетүү ишканалары жана кластерлер үчүн 6%дык жеңилдетилген насыялар бөлүндү.
Экспортту кеңейтүү багытында кыргыз өндүрүүчүлөр Кытай жана Россия компаниялары менен бал, жашылча-жемиш жана кайра иштетилген продукцияларды жеткирүү боюнча келишимдерди түзүштү. 60тан ашык продукция 80ден көп өлкөгө экспорттолуп, АКШ алыскы рынок катары, ал эми Монголия жана Афганистан жаңы багыттар катары кошулду. Мындан тышкары, миңге жакын ишкана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн, Кытайдын, Өзбекстандын жана Түркиянын реестрлерине катталып, тышкы рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Илим, билим жана санариптештирүү
Айыл чарба жана мал чарба багытында 35 илимий-өндүрүштүк изилдөө жүргүзүлүп, мал жана жайыттардын генетикалык потенциалын сактоо жана жакшыртуу боюнча жаңы илимий-тажрыйбалык ыкмалар иштелип чыкты. “Агродиалог-2025” форуму 2 521 катышуучу менен өтүп, талкуулар жана тажрыйба алмашуу уюштурулду. Санариптик технологияларды үйрөтүүгө багытталган “Санарип-дыйкан-2025” форуму өтүп, “Агрозоовет” окутуу каравандары аркылуу 760 дыйканга жаңы ыкмалар үйрөтүлдү. 26 Фермерлерди тейлөө борбору 2 358 дыйканга кеңештерди берди. “Фермерлердин жеке кабинети” жана “3+2+1” пилоттук долбоору аркылуу 240 дыйкандын “Талаадан полкага” процессин башкаруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ишке ашырылган жаңы идеялар жана демилгелер
Жыйынтыктап айтканда, 2025-жылы айыл чарба тармагында санариптик технологияларды киргизүү жана жаңы демилгелерди ишке ашыруу сектордун өнүгүшүнө олуттуу салым кошту. Суу ресурстарын башкаруудан баштап, тамчылатып сугаруу системалары, онлайн төлөм механизмдери жана үрөнчүлүк чарбаларды өнүктүрүүдө прогрессивдүү кадамдар жасалды.
Мал чарба жана асыл тукум өнүгүү багытында заводдор, уруктандыруу пункттары, жеңилдетилген насыялар жана жаңы техникалар фермерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү. Санариптик платформалардын жана мамлекеттик колдоолордун жардамы менен айыл чарба заманбап ыкмалар менен өнүккөндө, агроөнөр жай комплекси жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу бекемделди.