Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды

28 сентябрь 2026 12:00
828564182_1648938803478640_968118390639854362_n (1).jpg
825279952_929772839853753_3903399454361977073_n.jpg
828364073_29126037196980240_1692188969481708990_n.jpg
Алдыга
Артка
828564182_1648938803478640_968118390639854362_n (1).jpg
825279952_929772839853753_3903399454361977073_n.jpg
828364073_29126037196980240_1692188969481708990_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратура тарабынан мамлекеттик менчик жаатындагы мыйзамдардын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Анда 2005-жылы мамлекеттик автобаза жайгашкан 4,7 гектар жер тилкеси сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылып, пайдаланылып келгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 94 млн сомду түзгөн автобаза жайгашкан 4,7 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.