Айтматов проспектисиндеги реконструкция жана кызыл сызык. Кеңейтилген жолдун шаардыктар үчүн пайдасы

Коом Загрузка... 09 Апрель 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Учурда Чыңгыз Айтматов проспектиси Абсамат Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин кеңейтилүү алдында турат. Алдыда проспектинин унаалар өтүүчү бөлүгү алты тилкелүү болуп, эки тарабы жашылдандырылып, веложолдор менен тротуарлар салынат. Реконструкция иштеринин жүрүшүндө көчөнүн бир тарабындагы кызыл сызыктан өтүп кеткен үйлөрдүн тосмолору алынары маалымдалган. Мындан улам коомчулукту “бул проспектинин башкы пландагы орду кандай болгон, кызыл сызыгы кандай белгиленген, кеңейтилген жолдун шаар тургундары үчүн кандай пайдасы болот?” деген суроолор кызыктырбай койбосо керек.

Бишкек мэриясынын берген маалыматы боюнча, эң алгач 1970-жылы Кыргыз ССР министрлер кеңешинин токтому менен Фрунзе шаарынын генералдык планына жана Шаардык аткаруу комитетинин 1982-жылдагы токтому менен шаардын түштүк эс алуу аймагынын деталдуу пландаштыруу планына (ДПП) ылайык, Ч.Айтматов проспектиси Жибек-Жолу көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин жалпы шаардык маанидеги жана кыймылы жөнгө салынып туруучу магистралдык көчө катары каралган. Жол куруу схемасында жолдун кесилишинин туурасы 80 метр деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, аталган проспекти КР өкмөтүнүн 2006-жылдагы токтому менен Бишкек шаарынын аймагын жана курулушун өнүктүрүү боюнча 2025-жылга чейинки генпланга киргизилген. Андан кийин Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдагы токтомунун негизинде шаардын Түштүк-Чыгыш ДППсында каралган. Ал эми 2024-жылы Шаар куруу кеңешинин борбор калаанын түштүк аймагындагы кичи райондорду, кварталдарды куруу долбооруна ылайык түзүлүп чыккан.

Андан сырткары, маалыматта аталган проспекттеги кызыл сызыктардын долбоору дагы 1982-жылы Шаардык аткаруу комитетинин токтому менен белгиленгени айтылды. Жибек-Жолу көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки кызыл сызыктын туурасы 65 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө кызыл сызыктар күчүндө деп белгиленет.

“Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын берген маалыматтары боюнча, Айтматов проспектисинин жээгиндеги калктуу конуштар качан пайда болгондугу тууралуу так маалыматтар табылган эмес, ал эми тургундарга кызыл китептер КР өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлктү каттоо мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген.

Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин 7-апрелдеги жыйынында шаар мэри Айбек Жунушалиев аталган проспектте муниципалдык жерге мыйзамсыз салынган курулуштар бар деп белгилеген. Проспектинин аталган көчөлөр жайгашкан батыш тарабында 68 объектинин 32си чек арадан өтүп кеткендигин кошумчалап, аларга алдын ала билдирүү жөнөтүлгөнүн айткан.

“Совет мезгилинде, 1940-50-жылдарда жеке менчик деген түшүнүк болгон эмес. Ал 1999-жылы Жер кодекси кабыл алынганда киргизилген. 1970-жылдан бери келе жаткан генплан бар. Ал 2006-жылы улантылган”, - деген шаар башчысы.

Ал эми проспектинин кеңейтилиши жалпы шаарга жана шаар тургундарына кандай пайдасын алып келет? Тыгын маселесин чечүүгө жардам береби деген суроого шаардын башкы архитектору Урмат Карыбаев мындайча жооп берди: “Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында автотранспорттун тынымсыз көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, унаа кыймылын жөнгө салуу маселеси курчуп турат. Жолду реконструкциялоонун чоң артыкчылыктары бар. Мисалы, жолдун кеңейтилиши жол тыгындарын азайтып, айдоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзөт. Жаңы светофорлордун орнотулушу, жөө өтмөктөрдүн, тротуарлардын жана веложолдордун салынышы жол кырсыктарын азайтып, бардык жол колдонуучулар үчүн коопсуздукту камсыз кылат. Инженердик тармактарды жаңылоо, көчө жарыктандыруусун орнотуу, жашылдандыруу жана айлананы көрктөндүрүү шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу чөйрөнү түзөт”, - деди ал.