Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Учурда Чыңгыз Айтматов проспектисинде светофор объекттерин алмаштыруу жана жаңылоо иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө адистер светофорлорду ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу иштерин жүргүзүп, алардын фазаларын жана иштөө циклдерин жөнгө салышууда.
Жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу айрым кесилиштерде буга чейин кыймылдын айрым багыттарын жөнгө салып келген кошумча светофор секциялары убактылуу иштебей турат.
Мэрия шаар тургундарынан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, кесилиштерден өтүүдө өзгөчө этият болууну суранат.
Эки күндүн ичинде светофорлордун фазалары жана иштөө циклдери толук жөнгө салынып, кошумча секцияларды орнотуу иштери аяктайт.
Бул иштер Чыңгыз Айтматов проспектисинде жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана транспорт агымын жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.