Айт намазында тыгындарга жана кырсыктарга жол берилген жок — ЖКККББ

Коом 6 июнь 2025 10:33
IMG_7319.jpeg
IMG_7321.jpeg
IMG_7320.jpeg
IMG_7322.jpeg
IMG_7323.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_7319.jpeg
IMG_7321.jpeg
IMG_7320.jpeg
IMG_7322.jpeg
IMG_7323.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ЖКККББнын басма сөз кызматы

Бишкек, 06.06.25. /Кабар/. Айт намазында тыгындарга жана кырсыктарга жол берилген жок.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кызматкерлер өлкө аймагындагы баардык мечиттерге бөлүнүп, айт намазы учурунда күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап беришти.

Айт намазы учурунда эч кандай жол кырсыгы жана жол тыгыны катталган жок.

Айрыкча Бишкек шаарынын чоң мечиттеринде кызматкерлер жарандардын коопсуздугун сактоодо жана жол коопсуздугун камсыздоодо мечиттердин айланасында токтоп турган унааларды алдырып, жарандардын айт намаздарын окууларына ыңгайлуу шарттарды түзүп беришти.