Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектелип жаткан жаран өмүр бою эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бул факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери учурунда дагы башка беренелер кошулат.
“Шектүү Кылмыш-жаза кодесинин 122-беренеси - “Адам өлтүрүү” боюнча жазага тартылышы мүмкүн. Коомчулукта “Адам өлтүрүү” беренеси менен эле кылмыш иши козголдубу деген суроо жаралышы ыктымал. Ошол себептен мен түшүндүрүп кетет элем, кылмыш иши ушул берене менен козголду. Эми тергөө иштери эки айга созулат. Экспертизага жараша бул мөөнөт дагы узартылышы мүмкүн. Зордукталды деп да айтылды, бул дагы өзүнчө берене менен кошулат. Бул эки айдын ичинде бир нече беренелер коюлуп, анан соң сотко кетет. Далилдерге ылайык, толугу менне укуктук баа берилет”, - деди ал.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө байланыштуу 41 жаштагы шектүү кармалган. Киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыздын ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Мамлекет башчысы жаш балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштаган.