Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясына мүчө болду

Спорт Загрузка... 26 Сентябрь 2025 10:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясына мүчө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Айсулуу Тыныбекова 2025–2029-жылдарга карата UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.

Бул шайлоо Загребде дүйнө чемпионатынын алкагында өтүп, дээрлик 400 балбан добуш берди.

Комиссиянын курамына 9 спортчу кирди:

- Арсен Жулфалакян, (Аргентина)

- Юи Сусаки (Япония),

- Тамаш Лоринц (Венгрия),

- Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан),

- Хассан Яздани (Иран),

- Мария Преволараки (Греция),

- Абделлатиф Мохамед (Египет),

- Жессика Лаверс-Макбейн (Австралия),

- Николаас де Ланге (Түштүк Африка).

Федерация спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуу чоң сыймык гана эмес, спортчулардын үнүн түздөн түз UWW бюросуна жана конгрессине жеткирүү мүмкүнчүлүгү экенин айтты.