Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду

Спорт 18 Октябрь 2025 13:34
2024-05-21_18-40-37.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
561616767_1283939160177046_7056829779310861172_n.jpg
565738793_1283939123510383_935318579607390093_n.jpg
Алдыга
Артка
2024-05-21_18-40-37.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
561616767_1283939160177046_7056829779310861172_n.jpg
565738793_1283939123510383_935318579607390093_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 18.10.25. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болду.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын сентябрь айында Бишкектеги "Азаттык Арена" жаңы стадионунда өтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин каада-салтын жана маданиятын жайылтуу, ошондой эле маданият жана спорт жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатын көздөйт. Бул оюндар салттуу түрдө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, туризмди, тажрыйба алмашууну, элдердин ортосундагы диалогду тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси, 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, 2024-жылдагы Париждеги Олимпиаданын коло байгесинин ээси, эмгек сиңирген спорт чебери.