Айрымдарында чектөө бар – 09:30га карата ашуулардагы абал

Аймак 603 15 Декабрь 2025 09:55
600235790_1171603781815033_2386576055298239786_n.jpg
596578014_1171603718481706_304582034469052266_n.jpg
597397812_1171603715148373_5530083250723110769_n.jpg
600244198_1171603721815039_8677068283035761958_n.jpg
Алдыга
Артка
600235790_1171603781815033_2386576055298239786_n.jpg
596578014_1171603718481706_304582034469052266_n.jpg
597397812_1171603715148373_5530083250723110769_n.jpg
600244198_1171603721815039_8677068283035761958_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Бүгүн аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, саат 09:30га карата өлкөнүн ашууларында каттам бар.

Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Азыркы тапта кар жаап жатат, жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Ал эми Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жол ачык, чектөө жок.

Ошондой эле Казарман - Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык.

Министрлик унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.