Айрым жерлерде өткүн өтөт – 29-июлга карата аба ырайы

Коом Загрузка... 29 Июль 2025 09:50
2025-04-27_19-08-30_641433.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Ош, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурсы Чүй менен Баткен облустарында +30...+35, Талас облусунда +28...+33, Ош, Жалал-Абад облустарында +31...+36, Ысык-Көл, Нарын облустарында +26...+31 градус, ал эми Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +33...+35 градуска чейин ысыйт.