Айпери Медет кызы Будапешттеги эл аралык мелдеште коло утту

Спорт Загрузка... 20 Июль 2025 14:05
FB_IMG_1752998695540.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 20.07.25. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан Polyák Imre & Varga János 2025 аттуу рейтингдик турнирде коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 76 кг чейин салмак категориясында күч сынашкан Айпери Медет кызы биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалда АКШлык спортчу Даймонд Гилфорд менен болгон таймашта 4:4 болуп турганда атаандашын “туше” ыкмасына салып, жарым финалга чыкты.

Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта балбан кыз Бразилиялык Тамирес Мачадого 5:10 эсебинде утулуп калды. Бирок үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Түштүк Кореянын балбаны Соен Чжонду 12:1 эсебинде ири артыкчылык менен жеңип, турнирдин коло медалын жеңди.