Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарында өткөн Professional Wrestling League-8 мелдешинде жеңишке жетти.
76 кг салмакта күрөшкөн Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашып, аны 5:1 эсебинде жеңди.
Маалымат үчүн: Professional Wrestling League уюму 2022-жылы Россияда Poddubny Wrestling League деген ат менен түзүлгөн. Былтыр атын өзгөрткөн. Бул мелдеште балбандар бир беттеш өткөрүп, жеңүүчү аныкталат. Уюм түзүлгөндөн бери 7 жолу мелдеш уюштурулуп, алардын бири Бишкекте өткөн.