Аймактарга жасалма уруктандырууда колдонулуучу суюк азот жеткирилди

Коом 17 Февраль 2025 09:57
WhatsApp Image 2025-02-14 at 14.42.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-14 at 14.42.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-14 at 14.42.01.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-14 at 14.42.02.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-14 at 14.42.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-14 at 14.42.01.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Талас облустарына жасалма уруктандырууда колдонулуучу суюк азот жеткирилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жасалма уруктандыруу өлкөнүн мал чарбасын сандан сапатка өткөрүүнү өнүктүрүү максатында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, чарбада суюк азот жаныбарларды жасалма уруктандыруу үчүн колдонулган уруктарды эң төмөн температурада тирүү сактап туруу үчүн колдонулат.