Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун 35 жылдыгына арналган республикалык семинар-кеңешме өтүп жатат.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында катышуучулар аймактын өнүгүү тажрыйбасы, инфраструктуралык долбоорлор жана техникалардын көргөзмөсү менен таанышууда.
Ошондой эле президенттин жарлыгынын алкагында "Акыл Майдан" интеллектуалдык долбоору уюштурулду.
Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, агенттиктин директору Элчибек Жантаев баштаган расмий жетекчилер катышып, аймактарды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашууда.