Аймактардан келген эл өкүлдөрүнө ипотекалык батирлер берилет – президент

Президент Загрузка... 17 Декабрь 2025 13:45
WhatsApp_Image_pMYY.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 17.12.25. /Кабар/. Аймактардан келген эл өкүлдөрүнө ипотекалык батирлер берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлдү.

"Биз депутаттардын ишмердигинин натыйжалуулугу үчүн мына ушул силер олтурган имаратты толук жаңылап, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик. Депутаттардын эски унааларын сатып, жаңыларын алып койдук.

Эгер аймактардан келген, жашаганга турак жайы жок эл өкүлдөрү болсо, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батирлерди беребиз. Кыскасы өлкөбүздү өнүктүрүүдө парламенттин ишинин маанилүүлүгүн эске алып, бардык шарттарды түзүп бергенге аракеттендик. Эми жаңы дем, жаңы күч менен мамлекетибизди алдыга жылдырууга ак ниет иштеп, жардам бериңиздер", - деди президент.