Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Аймактардагы ипотекалык батирлердин баасы Бишкектикинен айырмаланбайт, анткени бардык курулуш материалдары борбордон алып келинет. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинин түз эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Асылгүл Сыдыкова билдирди.
Анын айтымында, бааны коюда курулуш материалдарын ташып келүүдөгү чыгымдарга жана куруучулардын эмгек акысын дагы эске алуу керек.
"Объектинин баасы жайгашкан аймагынан, жер тилкесинин аянтынан, блоктордун санынан жана каралган инфраструктуралар сыяктуу бир катар факторлорго байланыштуу. Булардын бары инфляциянын деңгээлин эске алуу менен эсептелинет", - деди Сыдыкова.
Буга чейин МИКтен Бишкек шаарындагы мамлекеттик программанын катышуучулары үчүн турак жайдын чарчы метринин баасы жайгашкан жерине жараша болжол менен 78-87 миң сомду түзөрүн маалымдаган.