Аймактарда жаназага мал союу, титирете дасторкон жаюу жоюла баштады

Аймак Загрузка... 21 Апрель 2026 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Жакында эле Кочкор районунда аймактагы адаттан тыш маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү болду. Аза күткөн үйдө мал союлуп, казан асылган жок. Сөөк ээси райондук имам — Жеңишбек Арзымкожоев. Ал мындай чечимди кесиптик көз карашына жана өлкөдө ысырапкерчиликти азайтуу боюнча демилгелерге таянып кабыл алганын айтат. "Кабар" агенттигинин кабарчысы жерине барып, Жеңишбек Арзымкожоев менен маектешти.

“Жамандык болгондо үй ээси маркумду эмес, келген-кеткендерди ойлоп калат. Бизде түнкү, күндүзгү конок деген болгон жок. Президенттин ысырапты токтотуу тууралуу жарлыгына жана чакырыгына ылайык, кан чыгарган жокпуз”, — дейт ал.

Маркум 88 жашка чыгып дүйнө салды. 11 баланы тарбиялап өстүргөн. Кыргызстандын булуң-бурчунан куда күтүп, чоң журтка айланган. Буга карабастан, үй-бүлө эл эмне дейт деген түшүнүккө алдырбай, ашыкча чыгымга барбоону туура көрдү. Бирок бул чечим дароо кабыл алынган эмес. Чоң апасы ооруп жатканда эле үй-бүлөдө бул маселе көтөрүлүп, мал сойбоо чечими ич ара кабыл алынган.

“Жээк-жат, тууган-урук, айыл аксакалдары бар. Көп учурда уялганынан мал союшат. Биз баарыбыз акылдашып, үчү, жетиси, кыркы дебей эле, бир жолу Куран окутуу менен чектелели дедик. Кабар бергенде да, эртең мал союлбайт, жаназага ылайыктап келгиле деп алдын ала айттык”, — дейт Жеңишбек Арзымкожоев.

Бүгүнкү күндө өлкөдө ысырапкерчиликти азайтуу маселеси курч бойдон калууда. Айрыкча жамандык-жакшылыкта элден калбайын деген атаандаштык күчөп, дасторкон ашыкча жайылып, чыгым көбөйүүдө. Айрымдар салт бузбай, каада кармайм деп, белчесине чейин карызга батып кеткен учурлар аз эмес.

“Мага ыйлап келген жаш жигит болду. Атасын акыркы сапарга узатууда туугандары эл эмне дейт, биз төлөшөбүз деп эки бодо сойдурган экен. Бирөөсүн төлөп беришкен, экинчиси жигиттин мойнунда калыптыр. Башка чыгымдар кошулуп отуруп, ал жигит чоң карызга батып, Россияга иштегени кетүүгө аргасыз болуптур”, - дейт имам.

Жеңишбек Арзымкожоевдердин чечими бир үй-бүлөнүн гана тандоосу эмес. Бул коомдогу көнүмүш адатка коюлган суроо. Маркумду акыркы сапарга узатуу — ысырап менен өлчөнүшү керекпи, же ниет мененби?