Аймактарда медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн «Санарип ФАП» системасы киргизилет

Ден соолук 27 Январь 2025 18:26
475109586_638815465212492_8851913104777312388_n (1).jpg
475310783_638815461879159_8900366450311942560_n.jpg
475128154_638815468545825_8304766026809862818_n.jpg
Алдыга
Артка
475109586_638815465212492_8851913104777312388_n (1).jpg
475310783_638815461879159_8900366450311942560_n.jpg
475128154_638815468545825_8304766026809862818_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Алыскы аймактарда медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн санариптик саламаттыкты сактоо технологиялары киргизилүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Москвага расмий иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында санариптик медицина тармагында алдыңкы чечимдерди иштеп чыгуучу SberMedAI компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанда компакттуу медициналык комплекстерди – «Санарип ФАПтарды» киргизүү чечими кабыл алынды.

Маалымат үчүн: Бул приборлор заманбап диагностикалык жабдуулар, анын ичинде электрокардиографтар, пульсоксиметрлери, кан жана заара анализаторлору, ошондой эле алгачкы диагностика үчүн башка аспаптар менен жабдылган көчмө кейс.