Аймактагы абал чыныгы турмуштун көрсөткүчү – эксперт

Коом
Аймактагы абал чыныгы турмуштун көрсөткүчү – эксперт

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов "Кабар" агенттигине берген комментарийинде президенттин аймактарга болгон иш сапарларынын жыйынтыгын баалап, бир катар маанилүү жагдайларга токтолду.

Анын пикиринде, учурда мамлекет башчысы өлкөнү дээрлик кол менен башкарууга аргасыз болууда. Буга орто звенодогу жооптуу кызматкерлердин жана жергиликтүү аткаминерлердин ишиндеги кемчиликтер себеп болууда. Ошондуктан президент реформаларды улантуу жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу зарылдыгын бекеринен белгилеп жаткан жок.

"Президенттин жолугушууларынан жергиликтүү бийлик органдарынын, министрликтердин жана ведомстволордун ишинде кемчиликтер бар экенин көрүп жатабыз. Аймактарда дагы деле өздөрүнө тапшырылган жерлерди өз билгениндей, өз түшүнүгүнө жараша башкарган “өкүмдарлар” отурушат. Алардын иш-аракеттери көп учурда республиканын жетекчилиги жарыялаган багытка карама-каршы келет. Реформалар алыскы аймактарга толук жете элек, мыйзамдуулук жана тартип жаатында көйгөйлөр көп кездешет. Санариптештирүү тууралуу айтпай эле коёлу. Карапайым адамдар кайрылып жаткан көйгөйлөрдү угуп жатып, жооптуу кызматтарды ээлеген адамдар президенттин айткандарын чындап түшүнүп жатабы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн компетенттүүлүгү жетиштүүбү деген суроо жаралат. Аймактардан чыныгы турмушту сезүүгө болот", — деди ал.

Курмановдун айтымында, президент өлкөнү кыдырып, эл менен баарлашууга аргасыз болууда. Анткени системадагы бардык кемчиликтер али жоюла элек. Менин байкашымча, президент маселелерди жеке өзү чечүүгө аргасыз. Ыкчам чечүүнү талап кылган ондогон, жүздөгөн маселелер бар. Аткаминерлер — мэрлер, айыл өкмөттөрү жана ар кандай аппараттар өз милдеттерин жетиштүү аткарбагандыктан, президент алардын ар бирине терең үңүлүүгө аргасыз болууда.

"Министрликтер жана алардын жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү да өз ишин талаптагыдай аткара албай жатканы көрүнүп турат. Алар эмне менен алек? Президенттин мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуу үчүн эбегейсиз күч-аракет жумшап жатканын көрүп жатабыз. Өз ара аракеттенүү механизмдери дагы деле жакшы иштебей, айрым учурларда атайылап тоскоолдук кылуу аракеттери да болушу мүмкүн", — деген ал мамлекет башчысы аймактарга болгон сапарларынын жыйынтыгында кадрдык жана уюштуруучулук маселелер боюнча катуу тыянактарды чыгарат деп ишенерин белгиледи.

Анын айтымында, маселе радикалдуу чараларды көрүү менен гана чектелбейт. Бийлик вертикалындагы реформаларды улантуу зарыл. Анткени анын эң алсыз звеносу — жер-жерлердеги аткаруучулар.

"Жакында өткөн республикалык кеңешмеде Садыр Жапаров өнүгүү парадигмасын өзгөртүү, мамлекеттик аппаратты мындан ары реформалоо жана кадрларды атайын даярдоо системасын киргизүү жөнүндө бекеринен айткан жок. Муну мүмкүн болушунча тез арада, зарыл болсо, чечкиндүү ыкмалар менен ишке ашыруу керек. Президент кырдаалды кандай болсо, ошондой көрдү жана аракет кылууга тийиш. Жер-жерлердеги абалды оңдогондон кийин, мындан аркы иштерди жогорку деңгээлде улантуу зарыл. Ал муну ишке ашырат", — деп баса белгиледи Зайнидин Курманов.