Бүгүндөн тартып облус жетекчилеринин жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин тургундар менен жолугушуулары башталды. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, эми алар жергиликтүү жашоочулардын үнүн угуп, маселени дароо жеринде чечиши зарыл. Бул үчүн тиешелүү министрлик-мекемелердин аймактардагы кызматкерлери да көмөктөшөт. Элеттиктер менен мындай жолугушууларды өткөрүүгө мамлекет башчысынын апрель айынын башында дээрлик бир жума Ош облусун кыдырып, элдин үнүн түздөн-түз укканы түрткү болду. Бул жолку жолугушууларда айтылган тигил же бул маселени эми жергиликтүү бийлик күзгө чейин чечүүгө далалат жасашы зарыл. “Кабар” агенттиги аймактардагы эл менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу кандай натыйжаларды берет деген суроого жооп издеп көрдү.

Өткөн айда президент Ош облусуна иш сапар менен барганда шаардын жана облустун районунун тургундары менен жолугушуп, элдин айлап айта албай, жылдап чечилбей келген маселелерин жеринен угуп, басымдуу бөлүгүн жеринде чечип берүүгө мүмкүн экенин айдан ачык көрсөттү. Анткени эл менен болгон жолугушууларда тургундар көтөргөн маселелердин 80 пайызы райондук, облустук деңгээлде чечиле турган маселелер экени, калган 20 пайызы гана мектеп, таза суу, стратегиялык маанидеги жолдорду салуу өңдүү республикалык бюджеттин колдоосун талап кылган маселелер болду. Эл жергиликтүү деңгээлде эле чечиле турган социалдык жардам, жер көйгөйү, документтерин калыбына келтирүү, мүлккө болгон укуктардын корголушу өңдүү маселелерди президентке жеткирүүнү туура көрүшөт деген суроо жаралбай койбосо керек. Сурай келгенде буга тургундар айыл өкмөт, аким, мэр көйгөйдү чечип берүүгө аракет кылбай койгонун же адилетсиз чечим чыгарылганын, суроосуна канаттандырган жооп ала албаганын, маселенин жогору жакка гана жеткенде чечилерине көздөрү жеткенин айтып даттанышат.
Мына ошондуктан президент айыл өкмөт, район акими, облус башчылары жер-жерлерде эл тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди ыкчам кабыл алып, маселелерди чечип берүүнү создуктурбай эртелетүүсү боюнча тапшырмасын койду.

Бүгүндөн тартып июнь айынын башына чейин ар бир айыл өкмөттөрдө жолугушуулар өтмөкчү. Ар бир облус жетекчисинин элетиктер менен жолугушуусунун графиги алдын ала түзүлүп, даректерине чейин көрсөтүлдү. Айта албай жүргөн маселесин, жеткире албай жүргөн каттарын алып, жергиликтүү тургундар жетекчилер менен жолугушууга барышы кажет. Мына ошол жерде жарандар айткан маселелер чечилдиби-жокпу кийин дыкат каралып чыгат. Себеп дегенде, октябрь-ноябрда ушундай эле форматтагы жолугушуулар ар бир айыл өкмөттө кайрадан өткөрүлүп, аткарылган иштерге саресеп салынмакчы.
Мында ар бир көтөрүлгөн маселени жетекчилер жакшылап карап, талдап, тактап чыгууга туура келет. Чын эле эл айткандай кагаздагы кайрылуу убагында каралса, маселе оңунан чечилмек дегендей, дароо жеринде эле сураштырып, териштирип, чекит койчу маселелер да четтен чыгышы мүмкүн. Ошондуктан эл менен жергиликтүү бийликтин тыгыз байланышы ишти алда канча натыйжалуу кылары жөн жеринен айтылбаса керек.

Ошол эле маалда маселенин чоо-жайын карабай, чечип берүүгө далалат жасабай, жоопкерчиликтен качууга да болбой турганын аткаминерлер эстен чыгарбашы керек. Жазында элдин айткан көйгөйү күзгө чейин чечилбесе облус башчылары баш болуп, ошол маселеге тиешеси бар бардык жетекчилер жоопкерчиликке тартыларын Садыр Жапаров эскерткен эле.
Эл үчүн, аймак үчүн иштөөгө белсенип ишке орношкон жетекчи, ар бир тургундун сөзүн уга билип, жүрөк өйүгөн маселесин чечип берүүгө далалат жасашы керек экендигин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев айтат.

“Ош облусуна болгон президент Садыр Жапаровдун сапары аймактарда чечиле турган маселелердин топтолуп калганын көрсөттү. Көпчүлүк учурда жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилиши керектигин байкадык. Эл кандай гана маселе болбосун, чечүү жолдорун издешет. Президенттин дарегине жеткен маселе дароо чечилип жаткандыктан, жашоочулар мамлекет башчыга маселесин айтып жатат да. Жер-жерлердеги аким, айыл өкмөт башчылар эл менен дайыма жолукпай, иш алып барбаганына президент өзү да күбө болду. Ушуну мамлекет башчысы эске алып, май-июнь айларында жолугушуулар өтөрүн белгиледи. Эл менен баарлашуу, маселе чечүү учур талабы болууда. Жергиликтүү жетекчилер сөзсүз түрдө эле президентти айттырбай, өздөрү график түзүп, облустун кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгы үчүн жолугушууларды өткөрүп турушу керек да. Кабинеттен чыкпай эле отура бербей, эл менен жакындан таанышканда чечиле турган маселелерди көрүүгө болот. Саналуу гана адамдар менен жолугушуу менен чектелип калбашы керек. Президент күзүндөгү жолугушууларда маселелердин чечилиши каралып, текшерилип чыгарын айтты. Бул туура иш, керектүү иш”, - деди Абдыганы Эркебаев.
Ошондой эле ал район, облус жетекчилери аймактын потенциалын пайдалана билиши зарыл деген ойдо. Анткени аймак өнүксө, өлкө өнүгөт.
”Облус, район, шаар жетекчилери тажрыйба алмашып, башка өлкөлөрдөгү өнүктүрүү демилгелер менен таанышып турушу керек. Аймак өнүксө, өлкө өнүгөт деген сөздү көңүлгө түйүү керек. Мамлекет тарабынан азыр аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Каражаттар бөлүнүүдө. Облустарга инвестиция тартууну улантуу керек. Жаңы ишканаларды ачуу, жумуш орундарын түзүү зарыл. Өндүрүштү өнүктүрүүнү колго алуу да маанилүү. Атайын планга ылайык, аймакты өнүктүрүүгө басым жасоо кажет. Ошондо гана натыйжалуу иштер болот. Болгону жетекчилер жоопкерчиликти сезиши керек”, - деп белгилейт Абдыганы Эркебаев.
Президент да буга чейин аймактардагы жетекчилерди аймакты өнүктүрүүгө акыл дарамети, уюштуруучулук жөндөмү жетет деген ишеним менен ишке коюп жатканын билдирген. Эгерде ишенимди актабай, ошол жерди, ошол элди өнүктүрүүгө далалат кылбай, көптүн бири болуп басып жүрө бере тургандар болсо, албетте чара көрүлүшү кажет экендигин айткан.

Эми облус башчыларына прокуратура, ички иштер жана башка мамлекеттик органдардын мекеме жетекчилери графикке ылайык, ар бир айыл өкмөттү кыдырып, жеринде жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйлүү маселелерин карап баштады. Президенттин тапшырмасынын алкагында эл менен жолугушуулар өз мүдөөсүнө жеттиби, айтылган маселе ордунан жылып чечилдиби аны убакыт жана жетекчинин ишке болгон аракети көрсөтөт. Ал эми эл кагаздагы суроосунун жоопсуз калбашын чыдамсыздык менен күтөрү турган иш.