2026-жылдын 1-апрелинен тартып президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мугалимдердин айлык акысы эки эсеге — 100%га көбөйөрүн билдирген. Мамлекет башчысынын чечимине ылайык, бул көбөйүү мугалимдердин кирешесинин жогорулашына алып келди: орточо айлык акы азыр болжол менен 40 миң сомду түзөт, ал эми бийик тоолуу аймактарда иштеген тажрыйбалуу мугалимдер 65 миң сомдон 104 миң сомго чейин алышат. Бул чечим акыркы жылдардагы социалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттин эң ири колдоо чараларынын бири болуп саналат.

Айлык акыны жогорулатуу мугалимдердин каржылык абалын жакшыртып гана тим болбостон, кесиптин кадыр-баркын да жогорулатып, аларга билим берүү процессине жана кесиптик өнүгүүгө көңүл бурууга мүмкүндүк берди. "Кабар" маалымат агенттиги айлык акы жогорулагандан кийин мугалимдердин жашоосунда болгон өзгөрүүлөрдү жана анын алардын кесиптик шыктануусуна кандай таасир эткенин айтып берет.
Келечекке карай ишенем жогорулады
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жума Жамгырчиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстын мугалими жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Асел Насирдинова билим берүү тармагында 11 жылдан бери иштеп келет.

Анын айтымында, билим берүү системасы учурда 12 жылдык окуу планына өтүүгө жана санариптештирүүгө байланыштуу чоң өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатат, ошондуктан мамлекеттин мугалимдердин абалына көңүл буруусу өзгөчө маанилүү.
"Айлык акы көтөрүлгөнгө чейин көпчүлүк мугалимдердин каржылык абалы анча жакшы эмес эле. Айлык акыларыбыз негизги чыгымдарды — тамак-аш жана коммуналдык кызматтарды жабууга гана жетчү. Ага карабастан, биз өзүбүздү толугу менен жумушубузга арнап, дайыма каражатыбызды үнөмдөөгө аргасыз болчубуз. Чоң сатып алуулар, үйдү оңдоо же келечекке акча топтоо жөнүндө сөз кылуу деген жок эле”, - деп түшүндүрөт мугалим.
Анын пикиринде, айлык акы көтөрүлгөндөн кийин кырдаал бир топ жакшырды.
"Айлык акыны көтөрүү биз үчүн чоң стимул болду жана ишенимибизди жогорулатты. Биз мамлекеттин колдоосун сездик жана кесиптин кадыр-баркы көтөрүлдү. Үй-бүлөлүк бюджетибиз туруктуу болуп калды. Эми бизде жашоо шартыбызды жакшыртуу, оңдоп-түзөө жана үй-бүлөбүз үчүн зарыл болгон буюмдарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, мугалимдер кошумча жумуш издөөнү токтотуп, эми сапаттуу окутууга, өз алдынча билим алууга жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө көбүрөөк убакыт бөлө алышат”, - деп белгиледи Асел Насирдинова.
Ал ошондой эле келечектеги пландары менен бөлүштү.
“Балдардын сабаттуулугун жана логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн мектебибизде тез окуу курстарын ачкым келет. Ошондой эле үй-бүлөм менен келечекте тажрыйба алмашуу жана эс алуу үчүн чет өлкөлөргө барууну пландап жатабыз”, - деди ал.
"Биз бул кесипте калууну чечтик"
Курманжан датка атындагы №31 орто мектебинин кыргыз тили мугалими Айнара Баатырбек кызы мурда мугалимдик кесипти келечеги менен байланыштырып элестетпегенин айтат.
“Мен мектепте төртүнчү курста окуп жүргөндө эле иштей баштагам. БюджеттиК негизинде окугандыктан, тапшырмамдын алкагында эки жыл иштешим керек болчу. Айлык акынын аздыгынан улам, көптөгөн классташтарым сыяктуу эле, ал убакыт өтсө башка тармакка өтүүнү пландагам. Келишим боюнча окугандар башка тармактарда жумуш издөөнү же чет өлкөгө барууну да пландашкан”, - деди ал.

Бирок, эмгек акы көтөрүлгөндөн кийин жаш адистердин кесипке болгон мамилеси кескин өзгөрдү.
“Мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөндөн кийин, биздин пландарыбыз толугу менен өзгөрдү. Бул биздин тармакта иштөөгө олуттуу түрткү болду. Бүгүнкү күндө мен сүйгөн ишимди жасоодон, билимимди тынымсыз өркүндөтүүдөн жана өзүмдү толугу менен жумушума арнагандан ырахат алам. Мен мындан ары да кийинки муунду окутууну жана тарбиялоону улантууну пландап жатам”, - деп баса белгиледи мугалим.
Мугалимдер үчүн кошумча төлөмдөр жана жөлөк пулдар
Мугалимдер эмгек акысынын жогорулашынан тышкары, бир катар ар айлык жана стимулдаштыруучу төлөмдөрдү алышат.
Окутуу тажрыйбасы үчүн төмөнкү кошумча каражаттар каралган:
- 3 жылдан 8 жылга чейин - эмгек акынын 10%;
- 8 жылдан 13 жылга чейин - 20%;
- 13 жылдан жогору - 30%.
Класс жетекчилиги үчүн 2100 сом төлөнөт. Буга чейин бул сумма 1400 сом болчу.
Дептерлерди текшерүү үчүн 2700 сом кошумча төлөм каралган.
Эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин окуткан мугалимдер бир жолку сый акы алышат:
- биринчи орун үчүн — 500 миң сом;
- экинчи орун үчүн — 300 миң сом;
- үчүнчү орун үчүн — 200 миң сом.
Окуу жылы бою республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн окутуу үчүн ай сайын төлөмдөр каралат:
- биринчи орун — 10 миң сом;
- экинчи орун — 7000 сом;
- үчүнчү орун — 5000 сом.
Айыл жеринде иштеген мугалимдер кошумча 1800 сом алышат. Муниципалдык мектептердин мугалимдерине жергиликтүү бюджеттерден да төлөмдөр каралган. Мисалы, Бишкекте муниципалдык кошумча каражат 1000 сомду түзөт.
Мындан тышкары, квалификациялык категориялар үчүн кошумча төлөмдөр сакталып калат:
Эң жогорку категория – 5000 сом;
- Биринчи категория – 3000 сом;
- Экинчи категория – 2000 сом.
Ошондой эле илимий даражалар үчүн төлөмдөр жана бийик тоолуу аймактарда иштегендиги үчүн атайын коэффициенттер каралган.
Билим берүүнүн сапатына инвестициялар
Мугалимдердин айтымында, эмгек акынын жогорулашы каржылык колдоо гана эмес, ошондой эле мугалимдердин коомдогу ролун таануунун маанилүү белгиси болуп калды. Татыктуу киреше табуу мүмкүнчүлүгү адистерге негизги ишине, кесиптик өнүгүүсүнө жана заманбап билим берүү технологияларын ишке ашырууга көңүл бурууга мүмкүндүк берет.
Мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы мамлекет тарабынан социалдык тармактын кадрдык потенциалын чыңдоо жана өлкөдө билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча дагы бир кадам катары каралып жатканын белгилей кетүү керек.