Айланма жолдо ала салган унаа. Айдоочу тормозу иштебей калганын айтты

Коом Загрузка... 07 Октябрь 2025 16:41
wr-960.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. 1-октябрда айланма жолдо Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгы катталган. Автоунаанын каршы тилкеге чыгып, оодарылып кеткендеги видеосу социалдык тармактарда тараган.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан маалымдашкандай, кырсыкка катышкан автоунаанын айдоочусу табылган. Текшерүү учурунда жүк ташуучу унаанын тормоз системасы иштен чыккандыгы аныкталган.

Айдоочу башка унаалар менен кагылышпоого жана олуттуу кырсыкка жол бербөөгө аракет кылып, каршы тилкеге чыкканда унаа оодарылып кеткен. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Айдоочу менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болду.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы айдоочуларга жолго чыгараардан мурда автоунаанын техникалык абалын текшерүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону эскертет.