Айгүл Жапарова менен Саида Мирзиёевага кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлдү

Маданият 21 Август 2025 11:34
536257154_1214263984076606_9016762652427146934_n.jpg
537779666_1214260897410248_2606670043476123040_n.jpg
536287988_1214260917410246_6520894678848296433_n.jpg
536282519_1214260800743591_4931821683143647807_n.jpg
536277478_1214260920743579_7608609061417436364_n.jpg
536269231_1214266294076375_8251134887960130290_n.jpg
535728329_1214260827410255_3963114276564807420_n.jpg
535531587_1214260867410251_7024175176078019773_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. "Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер" форумунун алдында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсүн тааныштырды.

"Көргөзмөнүн максаты - улуттук өнөрчүлүктүн белгилүү бренддери жана чеберлери өзүлөрүнүн мыкты эмгектерин элге тартуулап, салттардын жана заманбап тенденциялардын гармониясын көрсөтө турган абройлуу аянтча түзүү", – деп баса белгиледи министр.

Министрдин айтымында, көргөзмөдө 13 компания өзүнүн өзгөчө эмгектерин сунуштап, кыргыз салтынын байлыгын жана кол өнөрчүлүктөгү заманбап ыкмаларды айкалыштырып көрсөттү. Мисалы, "Супара-Шоро" конокторду боз үйлөрү жана салттуу үйлөрү бар кыргыз айылынын атмосферасына алып барса, "Шоро" компаниясынын бренди арпа талканынан, балдан жана жаңгактан жасалган таттууларды сунуштады.

"Бир айыл – бир продукт +1" долбоору жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоп, сапаттуу азык-түлүк, кийиз буюмдары жана табигый косметика сунуштады.

Форум Кыргызстандын жана Өзбекстандын аял-лидерлерин кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу үчүн бириктирип, аялдардын лидерлигинин экономика, санариптик технологиялар, экология, билим берүү жана мамлекеттик башкаруу тармактарындагы маанилүү аспектилерин талкуулады.

Аялдар менен кыздардын билим берүү, ишкердик жана инновациялар аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле алардын туруктуу өнүгүүдө, анын ичинде экологиялык жана климаттык демилгелерде ролун илгерилетүүгө багытталган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду.