Айгүл Жапарова кыргызстандыктарды жаратылышка суктанып, тоолорго барууга үндөдү

Коом Загрузка... 01 Август 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айгүл Жапарованын өздүк архивинен

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Ар бириңиздерди тоолорго бат-баттан барууга чакырам. Алардын энергиясын сезип, Кыргызстаныбыз кандай керемет экенин эсиңизге саласыз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.50.50 (2).jpeg

Айгүл Жапарова быйыл бир эмес, эки кыргызстандык айым дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырганын, бийиктикке чыгуу – жөн гана жетишкендик эмес, бул күчтү, эркти жана ишенимди талап кылган чыныгы чакырык экенин белгиледи.

Ал бул ирет Көл-Суу, Көл-Төр жана Соң-Көлгө барып келгенин айтты.

“Биз Эверестке чыккан жокпуз, бирок акыркы күндөрү Көл-Суу, Көл-Төр жана Соң-Көлгө барып келдик. Тоолорубуздун арасында болгон сайын мен табияттын күчүн гана эмес, жан дүйнөнүн толуктугун, шыктанууну сезем. Кыргызстандын аймагынын 94%га жакынын тоолор ээлейт жана алар биздин иденттүүлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү. Кыргыз аялы катары мен бул байланышты өзгөчө сезем.

WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.50.49.jpeg

Тоолор – бул жөн гана жаратылыш эмес, бул биздин күчүбүз. Ар бириңиздерди тоолорго бат-баттан барууга чакырам: алардын энергиясын сезип, асманды чагылдырган көлдөрдү көрүп, Кыргызстаныбыз кандай керемет экенин эсиңизге саласыз”, - деди Айгүл Жапарова.

Ошондой эле ал тоодо жашаган жана иштеген кыргыз аялдары шыктандырарын кошумчалады.

WhatsApp Image 2025-08-01 at 10.50.50.jpeg

“Катаал климатка, бийиктикке, алыстыкка карабастан, алар күн сайын өз жерине укмуштуудай берилгендик, туруктуулук жана сүйүү менен эмгектенишет. Көл-Суу көлүнүн жээгинде өзүнүн боз үйүндө конокторду жан дили менен жана укмуштуудай жылуу маанайда тосуп алган Асел айым менен да кокусунан таанышканыма кубанычтамын”, - деп белгиледи Жапарова.