Айгүл-Таш — Согмент — Таян жолуна асфальт төшөө уланууда

Аймак 4 июнь 2025 11:50
WhatsApp_Image_p1zMWRu.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_1DMjDfU.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_QsxmylZ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек 04.06.25 /Кабар/. Баткен облусундагы Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолуна асфальт төшөө иштери уланууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда унаа жолдун 11-13-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Азыркы тапта болжол менен 1,5 чакырым жол жасалды. Жумуштар министрликке караштуу №2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Аны менен катар 6-9-чакырымдар аралыгында суу түтүктөрүн орнотуу, жолдун негизин даярдоо иштери жүрүүдө. Бул тилкеде жер жумуштары жыйынтыкталар замат асфальт төшөө иштери башталат. Быйыл Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунун 5 чакырымын асфальттоо каралган.

Белгилей кетсек, буга чейин жолдун 3-8-чакырым аралыгы сай аркылуу өткөндүгүнө байланыштуу 5 чакырым жаңы жол да курулган.