Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жарандар үчүн ыңгайлуу болууда. Бул тууралуу “Түндүк” ачык акционердик коомунун жетекчилигинин мүчөсү Талант Аманов билдирди.
Анын айтымында, айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу кызматы 17-ноябрдан тарта ишке кирген. Бул “Кызмат” мамлекеттик акселераторлор долбоорунун алкагында “Түндүк” ААК жана “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылган.
“Кызмат ишке киргенден бери бир жуманын ичинде 1 миң 200 онлайн кайрылуу келип түштү. Бардык кайрылуулар ийгиликтүү иштелип чыкты. Бул жарандар үчүн абдан ыңгайлуу. Жаңы күбөлүк 2–3 иш күнү ичинде даяр болот. Документти алууга келгенде эски айдоочулук күбөлүктү тапшыруу милдеттүү. Эгерде өзүңүз келе албасаңыз, күбөлүк почта аркылуу жеткирилип берилет”, – деди Аманов.