Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Эми айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” тиркемеси аркылуу аралыктан алмаштырса болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.
“Карапайым жарандар үйүнөн чыкпай туруп эле бардык керектүү мамлекеттик кызматтарды ала турган деңгээлге жетишибиз зарыл. Санариптештирүү бул бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү эл үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу деңгээлге чыгаруунун негизги жолу болуп саналат. Эми жарандар үйдөн чыкпай эле айдоочулукту күбөлүктү алмаштырып, “Унаада” да кезек күткөн жарандар азайды”,-деди ал.
Кызматты кантип пайдалануу керек?
- "Түндүк" тиркемесин ачыңыз. Онлайн алмаштыруу үчүн тиркемеге 083-формадагы медициналык маалымкат алдын ала жүктөлгөн болушу керек. Маалымкатсыз өтүнмө кабыл алынбайт;
- “Кызматтар” бөлүмүнө кириңиз, андан соң “Автотранспорт жана айдоо” бөлүмүн тандаңыз;
- “Айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга өтүнмө берүү” кызматын тандап, өтүнмө жөнөтүңүз;
- Тиркемеден жеке маалыматтарды тактап чыгып, “андан ары” баскычын басыңыз.
- Айдоочулук күбөлүктү берүүчү уюмду тандап, колдонуу максатын белгилеңиз (алмаштыруу, жоготуу ж.б.);
- Жеткирүү ыкмасын тандаңыз: – “ооба” — курьердик жеткирүү (дарегиңизди жана индексиңизди көрсөтүңүз), – “жок” — даяр күбөлүктү өзүңүз барып аласыз.
- Тиркеме аркылуу сүрөткө түшүңүз. Талаптар: камерага түз кароо, бетте жана кийимде көлөкө болбоосу, жарык, так сапат, баш кийимсиз (жоолукка уруксат берилет)
- Төлөм жүргүзүү: Бардык төлөмдөр QR-код аркылуу аткарылат. Тиркеме автоматтык түрдө QR-код түзүп берет, аны каалаган төлөм колдонмосу аркылуу сканерлеп төлөй аласыз.
Жыйынтыгында 2–3 иш күнү ичинде жаңы айдоочулук күбөлүк даярдалат.