Айдоочулук күбөлүк алуу 14 айга узартылып, 5 предмет боюнча окутулат – Туманбаев

Коом 1476 25 Ноябрь 2025 18:04
WhatsApp Image 2025-11-25 at 18.09.41 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-25 at 18.09.41 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-11-25 at 18.09.41 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-25 at 18.09.41 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдан тарта айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окутуу мөөнөтү 14 айга узартылат жана окутуу программасына 5 предмет киргизилет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин окуу мөөнөтү болгону айдоочулар 48 сааттык гана сабак алышчу. Эми ал 384 саатка чейин көбөйтүлүп, окуу көлөмү 14-15 эсеге жогорулатылды.

“2026-жылдан баштап жеке менчик айдоочулук мектептер жабылып, атайын мамлекеттик мектептер иштей баштайт. Ар бир этапта экзамендер тапшырылат. Окутуу практикалык көндүмдөргө да басым жасай. Мисалы, дөңгөлөктү алмаштырууга чейин үйрөтүлөт. Сабактар 5 предмет боюнча өтүлөт. Предметтер тууралуу жакында кенен маалымат берилет”, — деди Туманбаев.