Айдоочуларга эскертүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Аймак Загрузка... 20 Апрель 2026 12:40
News_287078429853066865429576880864244664321.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот, унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.