Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Аймак
Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат
copyright icon "Кыргызавтожол" МИ

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 11-майга карата Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолунун Өтмөк ашууларында кар майдалап жаап жатат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тейлөө кызматтары тарабынан жолго инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Атайын техникалар тартылып, жолдун абалы көзөмөлгө алынган.

Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашуу жана Өтмөктө кар жаап жатат

Азыркы учурда унаа каттамы ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

"Айдоочулардан жол эрежелерин жана унаалар ортосундагы аралыкты сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.