Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 10-марттан 15-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:
- Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 65-75-чакырымдарында жана Чапчыма ашуусунда;
- Красная Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290-чакырымдарында жана Көк-Арт ашуусунда;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу зарыл.