Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына жана кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-265-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда;
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.