Бишкек, 15.03.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 15-18-мартта күтүлгөн туруксуз аба ырайынан улам, өлкөнүн тоолуу райондорунда жана айрым унаа жол, ашууларында кар көчкү жана кар күрткү түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот.
Кызмат төмөнкү жолдордо этият болууну эскертет:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала -Бел ашуусу);
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
- Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу);
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290-жана 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу)
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендиги белгиленет.