Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүндөн тартып өлкө аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө аныктоочу жаңы программалык-аппараттык комплекстер расмий түрдө ишин баштайт.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул система "Кызмат" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыгып, Техникалык борборго пайдаланууга берилген.
Учурда республика боюнча комплекстер орнотула турган аймактарга тиешелүү жол белгилери, "Фотовидеофиксация" эскертүү белгилери жана ылдамдыкты чектөө белгилери коюлуп, даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңы системалар төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын автоматтык түрдө каттайт:
- белгиленген ылдамдыкты ашыруу;
- коопсуздук курун тагынбоо;
- унаа башкарып бара жатып уюлдук телефон колдонуу;
- каршы тилкеге чыгуу.
Белгилей кетсек, заманбап технологияларды киргизүү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, жол кырсыктарын азайтууга жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.