Суусамырда 5 тоннага жакын мазут төгүлгөн: Айдоочуга айып салынды

Коом 282 24 Июль 2026 09:20
733040697_3892507134225790_1616720976955182834_n.jpg
WhatsApp Image 2026-07-24 at 06.02.37 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-24 at 06.02.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-24 at 06.02.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-07-24 at 06.02.37 (3).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан улам жер кыртышына 4-5 тоннага жакын мазут төгүлгөн факты боюнча күнөөлүү жаранга 20 миң сом айып салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, окуя Бишкек – Ош унаа жолунун 205-чакырымында катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мазут ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа оодарылып, күйүүчү май жер кыртышына төгүлгөнү аныкталган.

Учурда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча көзөмөл иштерин улантууда.

Министрлик кооптуу жүктөрдү ташууда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырды.