Айдоочу сак болуңуз! Ашууларда кар жаап жатат

Аймак 5 март 2026 18:28
645762008_18043258010733957_5191437257236264586_n.jpg
645842714_18043257992733957_336353143734466827_n.jpg
645881774_18043258001733957_2282425849763725097_n.jpg
Алдыга
Артка
645762008_18043258010733957_5191437257236264586_n.jpg
645842714_18043257992733957_336353143734466827_n.jpg
645881774_18043258001733957_2282425849763725097_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бүгүн саат 18:00гө карата республиканын негизги ашууларында жана унаа жолдордо жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Учурда Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында кар жаап, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ал эми Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.

Белгилей кетсек, 5-марттан 10-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам аталган жолдор аркылуу сапарга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.

"Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат", - деп айтылат маалыматта.