Айдоочу абайлаңыз! Бишкек менен Чүйдү коюу туман каптайт

Коом 7 февраль 2026 09:33
Айдоочу абайлаңыз! Бишкек менен Чүйдү коюу туман каптайт

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туманга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Гидрометеорология кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө, туман түшүп, көрүү аралыгы 500 метрге чейин төмөндөшү күтүлөт.

ӨКМ айдоочуларды жолдо жүрүү эрежелерин так сактоону эскертет.